Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 05:33
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Кыргызстанда коронавирусту дарылоо протоколунун 4-варианты даярдалып жатат

06.08.2020 12:30
890
Кыргызстанда коронавирусту дарылоо протоколунун 4-варианты даярдалып жатат


Коронавирус илдетин дарылоо клиникалык протокол боюнча жүргүзүлөт. Учурда Кыргызстанда протоколдун 4-варианты даярдалып жатат.

Саламаттыкты сатоо министрлигинин штаттан тышкаркы кеңешчиси-инфекционист Айнура Кутманованын айтымында, бул нормативдик документ эксперттер тарабынан түзүлөт жана министрлик тарабынан бекитилет.

Ошондой эле учурда даярдалып жаткан протокол Москва жана Уфадан келген кесиптештерибиз менен да бирге талкууланган. Анын ичине бир дагы эксперименталдык дары-дармек киргизилген жок, анткени вируска каршы дарылардын эффективдүүлүгү далилденген жок. Негизинен протоколдун 4-вариантында дарылоо бөлүмү, реанимация бөлүмү, кош бойлуу аялдарды дарылоо жана реабилитация бөлүмдөрү жаңыланып жатат», - деп билдирди Айнура Кутманова.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн