Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 11:41
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстанда коронавирусту дарылоо үчүн 4-вариант иштелип чыкты

16.08.2020 15:40
942
Кыргызстанда коронавирусту дарылоо үчүн 4-вариант иштелип чыкты

 

Коронавирусту дарылоо боюнча клиникалык протоколдун 4-варианты иштелип чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү катышкан брифингде айтылды.

Маалым болгондой, коронавирус илдетин дарылоо боюнча клиникалык протоколдун 4-варианты Россиядан келген дарыгерлер менен бирге талкууланып, иштелип чыккан.

"Аталган протоклду иштеп чыгууга мен дагы катыштым. Жаңыртылган версияга коронавирус боюнча респиратордук жардам жана интенсивдүү терапия бөлүмдөрүнө өзгөртүү киргизилди. Ошондой эле, альтернативдүү ыкма катары этиотроптук дарылоо жаңыланды", - деди россиялык дарыгер - пульмонолог Лилия Козырева.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин айтымында, протоколдун жаңы 4-вариантында пневмония эске алынып, анын оор формаларын дарылоо ыкмалары киргизилген. Протоколдун 4- версиясы даяр жана жакынкы күндөрү ишке кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн