Кыргызстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясынын төртүнчү толкуну башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, өлкөдө жаңы омикрон штаммынын эки учуру катталды. Алар Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталган.
Эскерте кетсек, буга чейин Өзбекстан жана Казакстанда омикрон штаммы аныкталган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн