Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 08:23
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстанда коронавирустун "дельта" штаммы катталдыбы?

Кыргызстанда коронавирустун "дельта" штаммы катталдыбы?

Кыргызстандын аймагында COVID-19дун индиялык штаммы каттала элек. Бул тууралуу "Профилактикалык медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директору Омор Касымов брифингде билдирди.



Анда адис дүйнөдөгү COVID-19 боюнча абал жана вирустун жаңы штаммдары жөнүндө айтып берди. Айтымында, адамзат эки жылдан бери SARS-CoV-2 коронавирусунун жаңы инфекциясынан жана ага өбөлгө болгон буга чейин этибар алынбаган SARS- атипикалык пневмония (2003-жыл) жана MERS-CoV (2012-жыл) инфекцияларынан улам келип чыккан пандемия шартында жашап келе жаткандыгын белгиледи.


"Баштапкы "Ухан" вариантынын SARS-CoV-2 штаммы олуттуу мутацияга учурады. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча бүгүнкү күндө штаммдарды классификациялоонун бир нече түрлөрү аныкталды: Улуу Британия (альфа), Түштүк Африка (бета), Бразилия (гамма) жана Индия (дельта). Алардын ичинен Индия штаммы эң коркунучтуу болуп саналат". Индиялык штамм дүйнөнүн 90дон ашуун өлкөсүндө жайылган. Инфекция 5-10 секундада (белгилүү штаммдар боюнча 15 мүнөт) пайда болот. Эмдөө алган жана ооруп айыккан адамдарга жугуу коркунучу бар, бирок оору жеңилирээк түрдө өтүп, инкубациялык мезгил 1-3 күндү (мурун 3-7 күн) түзөт. Башка штаммдарга салыштырмалуу вирусту козгогуч организмден 13-15 күндө (мурун 7-9 күн) бөлүнүп чыгат. Клиникалык агым кыйла оор түрдө өтөт, жогорку температура, шакый (баш оору), тамак оорусу, жөтөл, ринит жана башка белгилер байкалат.


"Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча республиканын аймагында индиялык штаммды жуктурган учурлар катталган жок. Өлкөдө вирусту жуктургандардын 85,7 пайызы Улуу Британия жана 14,2 пайызы Түштүк Африка штаммдары . Коронавирустун жугушун алдын алуу жана жеңилирээк башынан өткөрүү үчүн эң натыйжалуу профилактика - калкты 90 пайызга чейин эмдөө болот", - деди ал.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн