Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 05:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Кыргызстанда коронавирустун жугуштуулугун аныктоо боюнча болжолдуу иликтөө жүрүп жатат

30.03.2020 15:20
799
Кыргызстанда коронавирустун жугуштуулугун аныктоо боюнча болжолдуу иликтөө жүрүп жатат


Кыргызстанда коронавирус илдети канча адамга жугушу мүмкүн экени атайын окумуштуулар тарабынан иликтенип жатат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүн, 30-мартта маалымат жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.


Анын айтымында, азыр канча адамга коронавирус илдети жугушу мүмкүн экенин так айтуу кыйын, бирок учурда болжолдуу жыйынтык чыгаруу боюнча иштер жүрүп жатат.


“Учурда эпидемиолог дарыгерлер, эл аралык окумуштуулар, консультанттар, эксперттер жана атайын адистер менен иштер жүрүп жатат. Жакында болжолдуу жыйынтыгын беришет”, - деди министр.


Ошондой эле ал клиникалык жетекчилер менен бирге жеринде кыргызстандык дарыгерлер да иш алып барып атат. Эскперттик-кеңешме топ бүгүнкү күнү кытайлык, москвалык профессорлор менен онлайн кеңештерди алып, алардын көрсөтмөлөрү менен дарылоо иштерди аткарып жатканын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн