Бугу 02, 2024
Убакыт: 08:44
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Кыргызстанда коррупция менен күрөш жүргөндө бир жылда карыздан кутулат, - экс-депутат

15.09.2020 14:17
1116
Кыргызстанда коррупция менен күрөш жүргөндө бир жылда карыздан кутулат, - экс-депутат


Кыргызстанда коррупция менен күрөш жүргөндө, бир жылда тышкы карызынан кутулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бактыбек Калмаматов жергиликтүү журналистке берген маегинде билдирди. 


Анын айтымында, өлкөдө коррупция менен күрөш жүргөн жок. 


"Эгерде Кыргызстанда коррупция менен күрөш жүргөндө бир дагы адам насыя албай калат. Коррупция менен күрөш жүргөндө 3-4 жылда Кыргызстанда үйү жок жаран калбай калат. Өлкөдөгү кудай берген ырыскы адилетсиз бөлүнүп, 4-5 адамдын гана колуна чогулуп калды. Эгерде мунун баарын адилеттүү бөлө турган болсок, кыргызстандыктар айлык үчүн эмес, башкача жашашмак. Бирок, эл дагы ошондой бурулушка даяр боло албай атат. Эл алдана берип, эми гана түшүнүп келе жатат. Ал эми тынбай эле революциянын боло бериши бир гана өлкөнү эмес, өзүбүздү дагы артка тартат", - деди экс-депутат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн