Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:06
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда коррупцияны кабылдоо рейтингинде 6 позицияга көтөрүлдү

20.03.2020 12:31
825
Кыргызстанда коррупцияны кабылдоо рейтингинде 6 позицияга көтөрүлдү


Кыргызстан Коррупцияны кабылдоо индекси-2019 рейтингинде позициясын жакшыртып, 6 баскычка көтөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Жалпысынан Кыргыз Республикасынын эл аралык рейтингдердеги интеграцияланган позициялары жакшырган жана пайыз менен көрсөтүлгөндө 2018-жылы – 45,2 %, 2019-жылы – 46,1% болгон. 


Коррупциянын кабылдоо индекси-2019да Кыргыз Республикасы 180 өлкөнүн ичинен 126-орунду алган. Тактап айтканда рейтингде өзүнүн позициясын 6 позицияга (2018-жылы 180 өлкөнүн ичинен 132-орун) жакшырткан. Ал эми Россия 137-орун, Тажикстан 153-орун жана Өзбекстан 153-орунга татыган. Казакстан болсо 113-тепкичке чыгып, Армениядан (77-орун) артта калган.


Белгилей кетсек, Коррупцияны кабылдоо индекси өлкөнүн ишкерлеринин жана эксперттеринин позициясынан алганда мамлекеттик сектордо коррупцияны кабылдоонун деңгээлин баалайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн