Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 22:18
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Кыргызстанда кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул 100%га жогорулады

02.01.2024 10:34
771
Кыргызстанда кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул 100%га жогорулады


Кыргызстанда 2024-жылдын 1-январынан тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдун өлчөмү 100%га жогорулады. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет.

КР мыйзамдарына ылайык, иштеген аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул алгачкы он иш күнү үчүн эмгек акынын (кирешенин) 100% өлчөмүндө иш берүүчүлөр тарабынан, ал эми 11-иш күнүнөн баштап – айына 10 эсептик көрсөткүч (1000 сом) эсебинде республикалык бюджеттен аныкталат.

2024-жылдын 1-январынан тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдун өлчөмүн 11-жумуш күнүнөн тартып 10 эсептик көрсөткүчтөн 20 эсептик көрсөткүчкө чейин жогорулатуусу каралган. Башкача айтканда, жөлөк пулдун өлчөмү 100%га жогорулады (1000 сомдон 2000 сомго чейин).

Жогорулатууга чейин жөлөк пулдун орточо өлчөмү 3 600 сомду түзсө, 2024-жылдын 1-январынан тартып 7 500 сомду түзөт.

Ал эми бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын алыскы зоналарда иштеген аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулду төлөө толук эмгек акынын өлчөмүндө, башкача айтканда, бардык иш күндөрү үчүн эмгек акынын 100% өлчөмүндө жүргүзүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн