Бугу 08, 2024
Убакыт: 02:44
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Кыргызстанда кредиттерди мөөнөтүнөн мурда жабууда салынчу комиссияны алып салуу сунушталууда

22.06.2023 13:35
1310
Кыргызстанда кредиттерди мөөнөтүнөн мурда жабууда салынчу комиссияны алып салуу сунушталууда


Кыргызстанда кредиттерди мөөнөтүнөн мурда жабууда салынчу айып, комиссияларды алып салуу сунушталууда.
Улуттук банк былтыр жайында президент "Улуттук банк жөнүндөгү" жана "Банктар жана банктык ишмердүүлүк жөнүндөгү" конституциялык мыйзамга кол койгонун эске салды.


Анда мыйзам актыларын бул мыйзамдарга дал келтирүү боюнча сунуштарды даярдоо талабы жазылган. Буга байланыштуу мыйзам менен жарандык кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоор иштелип чыккан.


Азыркы норма


Кредит алган адам насыянын түрүнө карабастан каалаган учурда мөөнөтүнөн мурда жаба алат. Бир гана талап — бул тууралуу 30 күн мурун арыз жазуу керек. Белгилей кетсек, эреже сакталбаган учурда комиссия кошулат.


Сунушталып жаткан норма


Кредит алган тарап насыянын түрүнө карабастан каалаган учурда барып жаба алат. Бул үчүн комиссия, айып пул салынбайт.

Теги

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Айзада шералиева
Эгер чет жакта журуп жапсан кантип арыз дазасын
Өмүралиева Жазира
туура колдойм. карапайым элге кичине болсо дагы жакшы болоор эле
Абидинова Кулумкан
Эн туура.Мен кошулам!