Бугу 05, 2024
Убакыт: 06:30
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызстанда кумарканаларды ачуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

29.03.2022 10:57
402
Кыргызстанда кумарканаларды ачуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

Экономика жана коммерция министрлиги кумарканаларды, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкуулоо үчүн министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.


Министрлер кабинети аны Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүнү жана аны кезексиз кароону сунуштайт.


Кумарканаларды юридикалык, анын ичинде чет өлкөлүк тараптар ача алат. Кыргызстандын жарандарына жана 21 жашка чыга элек чет өлкөлүктөргө кирүүгө тыюу салынат.


«Оюн-зоок маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» деп аталган мыйзам долбоорунда анын максаты инвестицияларды тартуу, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн шарт түзүү экени айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн