Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 05:14
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстанда кумарканаларга лицензия канча жылга берилет? Долбоор коомдук талкууга коюлду

20.07.2022 10:11
586
Кыргызстанда кумарканаларга лицензия канча жылга берилет? Долбоор коомдук талкууга коюлду


Экономика жана коммерция министрлиги «КР Министрлер Кабинетинин кумар оюндары чөйрөсүндөгү айрым чечимдери жөнүндө» министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.


Негиздөө күбөлүгүнө ылайык, киргизилип жаткан токтом долбоорунун милдети оюн-зоок ишин мамлекеттик жөнгө салууну камсыз кылуу, оюн-зоок жайларында кумар оюндарына карата талаптарды белгилөө, алардын ишин лицензиялоо жана көзөмөлдөө тартибин белгилөө болуп саналат.


Жобого ылайык кумар оюндарынын ишинин лицензия берүүчүсү болуп кумар оюндарынын ишинин төмөнкү түрлөрүнө лицензия берүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саналат:

1) казино;

2) тотализатор;

3) букмекердик кеңсе;

4) оюн автоматтарынын залы;

5) онлайн казино;

6) электрондук (виртуалдык) казино.


Оюн-зоок жайларын түзүүгө жана күтүүгө, кумар оюндарын уюштурууга, кумар оюндарын жүргүзүү укугуна лицензия алынган күндөн тартып он жылдык мөөнөткө берилет.


Кумар оюндарын лицензиялоо боюнча сунушталган жобонун текстин бул жерден көчүрүп алса болот.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн