Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 10:31
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Кыргызстанда күн ачык болот, - 18-апрелге карата аба ырайы

17.04.2020 19:43
893
Кыргызстанда күн ачык болот, - 18-апрелге карата аба ырайы


Эртең, 18-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттигинен билдирди.

Күндүз республиканын аймагында жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22;

Талас облусунда түнкүсүн 1...6, айрым жерде 0…-2 үшүк жүрөт, күндүз 16…21;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, айрым жерде 0…-2 үшүк жүрөт, күндүз 12…17;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 12…17;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…5 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 19…21 градус болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн