Бугу 20, 2024
Убакыт: 18:34
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда күн ачык болот, - 21-мартка карата аба ырайы

20.03.2020 17:44
713
Кыргызстанда күн ачык болот, - 21-мартка карата аба ырайы


Кыргызстанда эртең, 21-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт, деп билдирди Кыргызгидромет агенттиги.


Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. 


Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир аймактарында жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, 21-мартта күндүз кээ бир аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.


Абанын температурасы:


Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21,


Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19,


Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 7…12, күндүз 16…21,


Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16,


Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 11…16,


Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2 градус болот.


Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 19…21 градус болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн