Бүгүн, 10-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.
Кыргызгидрометтин билдирүүсү боюнча, күндүз Ысык-Көл облусунун чыгышында кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак, тоңголок болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3...-5 үшүк жүрөт, күндүз 6…11,
Талас облусунда түнкүсүн -5...-7 үшүк жүрөт, күндүз 3…8,
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-2, күндүз 11…16,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, айрым жерлеринде -2...-4 үшүк журөт, күндүз 6…11,
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 8…13,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…+1 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз 7…9 градус болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн