Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында эртең, 9-апрелде түнкүсүн жаан жана кар жаайт, деп билдирет Кыргызгидромет агенттиги. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде -1...-3 үшүк жүрөт, күндүз 2…7,
Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде -2...-4 үшүк жүрөт, күндүз 1…6,
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 2…7, күндүз 5…10,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 4…9,
Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 2…7,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2 градус болот.
Бишкек шаарында маал-маалы менен жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 3…5 градус болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн