Бугу 05, 2024
Убакыт: 09:01
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы арзандашы мүмкүн

16.11.2022 13:39
266
Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы арзандашы мүмкүн

Жыл аягына чейин күйүүчү-майлоочу майга болгон баа дагы төмөндөшү мүмкүн. Бул тууралуу  Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов билдирди.


Анын айтымында, баанын төмөндөшү декабрь айына жакын байкалат.


“Быйыл баа бир аз гана түшөт деп күтүп жатабыз. Азырынча күйүүчү майдын баасы туруктуу жана бизде жетиштүү көлөмдө бар. Дизель отуну менен бензиндин 1,5 айга жете турган запасы бар”, - дейт ал.


Эшатов Кыргызстанга нефт Россиядан келерин айтып, башка өлкөлөр күйүүчү майды биржа аркылуу саткандыктан баанын туруксуздугу байкаларын белгиледи.


“Кыргызстан үчүн экономикалык жактан алганда Россиянын нефти өндүргөн заводдор менен иштешкен ыңгайлуу”, - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн