Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 20:48
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы олуттуу түрдө кымбатташы мүмкүн

09.03.2022 11:49
1066
Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы олуттуу түрдө кымбатташы мүмкүн

Кыргызстанда доллар кымбаттаган сайын күйүүчү майдын баасы кымбаттай берет. Мындай пикирин Кыргызстан Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.


Анын айтымында, дүйнөдөгү дагы мунайга болгон баа өсүп жатат.


"Кыргызстандык күйүүчү май ташуучу компаниялар келишимдерди доллар менен түзөт. Мындан улам доллар кымбаттаган сайын күйүүчү майдын баасы өсө берет.

Эгер доллар бир сомго көтөрүлсө, күйүүчү майдын баасы 60 тыйынга  кымбаттайт",- деди Эшатов.


Ошондой эле К.Эшатов азыркы кырдаалды эске алганда күйүүчү майдын баасы олуттуу түрдө кымбатташы мүмкүн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн