Бугу 12, 2024
Убакыт: 19:12
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кыргызстанда күйүүчү майга болгон баа акырындык менен кымбаттайт

11.11.2021 16:45
1157
Кыргызстанда күйүүчү майга болгон баа акырындык менен кымбаттайт

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майга болгон баа кескин көтөрүлбөйт, бирок акырындап жогорулашы мүмкүн. Бул тууралуу  Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков билдирди.


Анын айтымында, күйүүчү май рыногунда Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги үч механизм менен иш алып барат.


“Биринчи механизм, аталган рынокто иштегендер менен жолугушуу өткөрүү. Экинчи, талдоо жүргүзүлөт: башка мамлекетте абал кандай, өз наркы жана ташуу наркы тууралуу. Үчүнчү, баа кескин көтөрүлүп кеткенде рычагдарды пайдаланабыз. Ал кандай рычаг? Эскертмелер берилет, ал аткарылбаса, айып каралат. Бир жума мурунку жолугушууда күйүүчү майдын баасын кескин көтөрбөө боюнча тийиштүү талаптар коюлду”, - дейт ал.


Тайлаков өткөн айга салыштырмалуу бензиндин баасы кескин көтөрүлбөгөнүн кошумчалады.


“Буга чейин Казакстанда дизелдик отун бизге караганда 10-15 сомго ылдай болсо, азыр тескерисинче, 5-6 сомго жогору. Кыргызстанда дизелдик отун орточо 55 сом (1 литр), Казакстанда 58, Өзбекстанда 76, Россияда 62 сомдун тегерегинде бааланууда”, - деди ал.


Монополияга каршы агенттигинин директору Чаткал районунда Бишкекке караганда күйүүчү майга болгон баа 7-10 сомго чейин айырма бар экенин жана жерине эксперттик топ жөнөп кеткенин маалымдады

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн