Кыргызстанда күйүүчү майга болгон баа арзандашы күтүлүүдө. Мындай божомолду Нефтетрейдерлер ассоциациясы белгилөөдө.
Мекеменин маалыматына караганда, акыркы күндөрү күндөрү өлкөдө күйүүчү май арзандай баштаган.
"Бензинге болгон баа 3 сом 70 тыйынга, дизелдик күйүүчү майга болгон баа 4 сом 80 тыйынга арзандашы күтүлүүдө",- деп билдирди ассоциация.
Мындан сырткары, Нефтетрейдерлер ассоциациясы Кыргызстандагы күйүүчү майга болгон баа КМШ өлкөлөрүнүн арасында туруктуу экенин белгилеген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн