Бугу 03, 2024
Убакыт: 05:11
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Кыргызстанда күзгү мөөнөттөгү аскерге чакыруу башталды

15.09.2020 16:10
1076
Кыргызстанда күзгү мөөнөттөгү аскерге чакыруу башталды


Бүгүн, 15-сентябрдан баштап, ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын аскер бөлүктөрүндө мөөнөттүү аскер кызматын өтөө үчүн жаш жоокерлерди кабыл алуу жүзөгө ашырыла баштады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, аскерге жаңыдан чакырылгандар, аскер бөлүгүнө келгенге чейин жер-жерлердеги аскер комиссариаттарында тийиштүү комиссиялардан, анын ичинде медициналык кароодон да өтүшкөн. Аларды аскер бөлүктөрүндө чоң салтанат менен тосуп алышты. 


Алар бир ай ичинде “Жаш жоокерлер курсунан” өтүшөт жана ИИМДин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын катарында кызмат өтөөгө ылайыктуу болгон негизги талаптарды үйрөнүшөт. Бул даярдоо курсу аяктаган соң, ар бир жоокер мекен алдында ак кызмат өтөө боюнча ант берет жана андан ары тийиштүү бөлүкчөлөргө бөлүштүрүлөт. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн