Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 07:36
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Кыргызстанда массалык иш-чаралар токтотулду

06.03.2020 11:23
728
Кыргызстанда массалык иш-чаралар токтотулду

Кыргызстанда алдынкы күндөргө пландалган массалык иш-чараларды өткөрүү токтотулат. Мындай чечим коронавирус боюнча түзүлгөн штабдын отурумунда кабыл алынган.


Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей,  өлкөдө абал туруктуу жана коронавирус илдетине чалдыккандар жок. Мамлекеттик чек арадагы бардык өткөрмө-көзөмөл жайлары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Мындан сырткары дарыгерлер жана тийиштүү кызматтардын өкүлдөрү нөөмөттө турушат.


Саламаттыкты сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен тыгыз иш алып барып жатканы маалымдалды.


Штабдын мүчөлөрү жарандарды калп билдирүүлөргө ишенбөөгө жана аларды таркатып элди дүрбөтпөөгө чакырды.


Ошондой эле, жарандардын коронавируска байланыштуу суроолоруна жооп берүү үчүн органдарга түз байланыш ишин жолго салуу тапшырмасы берилди. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн