Бугу 14, 2024
Убакыт: 23:14
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кыргызстанда майыптыгы бар жарандардын жөлөк пулу 33-200 %га көтөрүлгөн

22.07.2022 13:06
1194
Кыргызстанда майыптыгы бар жарандардын жөлөк пулу 33-200 %га көтөрүлгөн


Кыргызстанда майыптарга берилүүчү жөлөк пул 33%дан 200%га жогорулады. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен билдиришти.


Ведомстводон белгилегендей, «социалдык жөлөкпул» алуучулардын саны ушул жылдын башынан бери 5,2%га өсүп, 104 миң адамды түздү.


Бул жөлөкпул алуучулар төмөнкүлөр:


- бала кезинен майыптар -35,1%,

- бала кезинен 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар - 34,6%,

- жалпы оорудан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар - 8,5%,

- ата-энесинин бири / экөө тең жоголгон балдарга - 20%,

- пенсия курагындагылар - 1,6%, Баатыр энелер - 0,1%.


Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен 2022-жылдын июнь айынан тарта майыптыгы бар I, II жана III топтогу жарандарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул 33 пайыздан 120 пайызга, баатыр энелерге жана улгайган жарандарга 20 %дан 60 %га чейин жогорулатылган.


2022-жылдын 1-январынан тартып социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү 2021-жылдын 1-октябрына чейин чегерилген жөлөкпулдардын суммасына карата 100% жана 200% көбөйтүлгөнү көрсөтүлгөн. Ошентип, бүгүнкү күндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар 8 миң сом өлчөмүндө (көбөйтүлгөнгө чейин – 4 миң сом) социалдык жөлөк пул алышат.


Кошумчалай кетсек, 2022-жылдын 1-июнунан тарта бала кезинен I топтогу майыптыгы бар, дайыма сырттан камкордукка жана көзөмөлгө муктаж жарандар үчүн персоналдык жардамчы кызматына акы төлөө киргизилген. Ошондой эле жеке жардамчынын кызматы үчүн төлөмдүн суммасы 4900 сомдон 6300 сомго чейин көтөрүлдү.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Сайпидинова Чолпонай Абдикаимовна
2 топтогу майыптыгы канча сом алат