Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:21
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Кыргызстанда медиктердин 77 пайызы эмдөөдөн өттү

18.08.2021 10:26
660
Кыргызстанда медиктердин 77 пайызы эмдөөдөн өттү

 «Учурда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин тутумунда 3095 штаттык бирдик бар, анын ичинен 117си бош (вакант). Азыркы учурда 2978 кызматкерлердин ичинен 77,6% эмдөөдөн өттү»,-  деп билдирди Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев. 

 

Ошол эле учурда эпидкырдаалга байланыштуу, коронавирустук инфекция менен ооруган же жаңы сакайган жана ошол себептен эмдөөдөн өтпөй калган кызматкерлер бар экенин белгилейбиз.  

 

Айта кетчүү нерсе, кызматкерлердин ичинен 21и кош бойлуу жана 25 кызматкерге эмдөөгө каршы көрсөтмө менен вакцина алууга болбойт. 

 

 Ошондой эле медициналык кызматкерлер арасында эмдөөдөн өткөн: 

 

1 доза – 41 300 (57,5%); 

2 доза – 31 622 адам (44%). 

 

Сөзүнүн аягында Алымкадыр Бейшеналиев, «биздин стратегиялык милдетибиз - Кыргызстан "жашыл аймакка" кайтып келиши үчүн, жамааттык иммунитетти калыптандырууга жетилген калктын жок дегенде 70% ын эмдөө»,- деп баса белгиледи. 

 

 Министр жарандарды эмдөөдөн өтүүгө дагы бир жолу чакырды! 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн