Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстанда миграция борборун ачуу үчүн Россиядан атайын адистер келет

13.09.2022 19:09
402
Кыргызстанда миграция борборун ачуу үчүн Россиядан атайын адистер келет

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 13-сентябрда Москвадагы Көп функционалдуу миграция борборуна барды.


Министрликтен билдиришкендей, Базарбаев аталган борбордун башкы директору Сергей Балдин, Москва шаарынын миграциялык саясат башкармалыгынын башчысы Евгений Кугаков жана башка жооптуу адамдардын катышуусу менен көчмө жолугушууга катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын аймагында мамлекеттик чек ара кызматынын миграциялык борборунун өкүлчүлүгүн ачуу, ошондой эле кыргызстандыктардын Россияга кеткенге чейин медициналык күбөлөндүрүү, манжа изин алуу (дактилоскопия) жана сүрөткө тартуу процедураларын алдын ала өткөрүү маселелери каралды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мамлекеттик чек ара кызматынын миграциялык борборунун өкүлчүлүгүн ачуу боюнча пландарды ишке ашыруудан келип чыккан бардык аспектилерди чечүү боюнча макулдашылды.

Макулдашууга ылайык, эми миграциялык борбордун өкүлдөрү Кыргызстанга келип, филиалды жайгаштыруу үчүн министрлик сунуш кылган жайлар менен таанышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн