Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 02:16
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Кыргызстанда мыйзамдуулукту бекемдөө багытында 10780 текшерүү жүргүзүлгөн

21.05.2020 12:17
1032
Кыргызстанда мыйзамдуулукту бекемдөө багытында 10780 текшерүү жүргүзүлгөн


Мыйзамдуулукту бекемдөө багытында Кыргызстанда 10780 текшерүү жүргүзүлүп, 36044 мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында 2019-жылы аткарган иштери тууралуу отчёт берип жатып билдирди.


Мындан тышкары мыйзамдарга каршы келген жана коррупциялык тобокелдиктерди жараткан 1301 мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, айрым учурларда өкмөттүн чечимдерине карата каршылык билдирилип, алар мыйзам талаптарына ылайык келтирилди, деди башкы прокурор.

Ошондой эле, ал 2019-жылы өкмөттүн айрым ченемдик - укуктук актыларынын мыйзамдуулугу боюнча 10 сунуш берилгенин айтты.


"Жалпысынан өкмөттүн жана министрлик менен мекемелердин аппараттарына мыйзамдардын аткарылышы боюнча 108 акты киргизилип, 133 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылды", - дейт Жамшитов.

Буга Билим берүү жана илим министрлигиндеги мектеп окуучулар үчүн китеп чыгарууда жаралган коррупциялык жагдайлар боюнча үч материал кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, абалды жөнгө салуу багытында өкмөткө сунуш берилгенин мисал кылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн