Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:53
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстанда мыйзамсыз иштеп жүргөн Тажикстандын 11 жараны кармалды

13.05.2022 11:03
979
Кыргызстанда мыйзамсыз иштеп жүргөн Тажикстандын 11 жараны кармалды

Кыргызстанда эмгектенип жүргөн  Тажикстандын 11 жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан мыйзамсыз миграция каналы боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Тажикистан Республикасынын жарандары Сүлүктү шаарындагы көмүр кампаларынын биринде мыйзамсыз жашап жана иштеп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. 

 

  Ушул жылдын 29-апрелинде Сүлүктү шаарынан УКМК кызматкерлери тарабынан Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Жаббар-Расулов районунун Коргончо айылынын туулуп-өскөн тургундары, белгиленген тартипти бузуу менен мыйзамсыз эмгектенип жүргөн 11 жаран кармалды. 

    " Бул факты боюнча 2022-жылдын 30-апрелинде КР УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинде (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) каралган кылмыштын негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүш иши катталган. 

      Кармалган Тажикстан Республикасынын жарандары УКМК тергөө камак жайына жайгаштырылып, тергөө амалдары жүрүп жатат",- деп айтылат маалыматта.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн