Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 06:31
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстанда мобилдик операторлор эмдөөдөн өткөн адамдарга интернет белек кылууда

09.08.2021 10:37
448
Кыргызстанда мобилдик операторлор эмдөөдөн өткөн адамдарга интернет белек кылууда

Жарандар үйдөн чыкпастан эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификатты “Сертификат о вакцинации против COVID-19” онлайн сервисинен ала алышат. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.


Бул санариптик сервис менен жарандарга сертификат онлайн түрдө жана үч тилде (кыргыз, орус жана англис тилдеринде), сүрөтү, паспортунун маалыматы жана эмдөө жөнүндө маалымат менен жеткиликтүү болот. Ал үчүн Калкты тейлөө боборунан санариптик булут кол тамгасын алып, Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына катталып, сертификатты алуу керек. 


Ошондой эле, vc.emed.gov.kg расмий сайтында дагы аталган сервис ишке киргизилген жана ал жарандыгына карабастан, Кыргызстандын бардык аймагында эмдөөдөн өткөн жарандарга жеткиликтүү. 


 2021-жылдын 6-августуна карата, эмдөө сертификатын 32 миңден ашык адам алган. 


Андан сырткары, «Нуртелеком» жана «SkyMobile» мобилдик операторлору менен биргеликте мобилдик капчыктын идентификацияланган колдонуучулары үчүн сертификат алуу сервиси ишке киргизилген. Ушул эле сервис жакынкы күндөрү «АльфаТелеком» мобилдик операторунда иштеп баштайт. 


Белгилей кетсек, «Кырызстан – жашыл аймак» улуттук демилгесинин алкагында мобилдик операторлор эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификат алган жарандарга мобилдик интернет пакетин белек кылышууда. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн