Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 09:07
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстанда орточо айлык акы 35 миң 298 сомду түздү

12.08.2024 14:56
287
Кыргызстанда орточо айлык акы 35 миң 298 сомду түздү


2024-жылдын январь-июнь айларында чакан ишканаларды эсепке албаганда бир кызматкердин орточо айлык акысы 35 миң 298 сомду түздү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 10,6 %га, ал эми реалдуу эмгек акынын өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алуу менен – 5,2 %га өскөн.

2024-жылдын январь-июнунда өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу номиналдык эсептелген орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин жогорулашы экономикалык ишмердиктин бардык түрдөгү ишканаларында жана уюмдарында байкалды.

Алардын эң олуттуу жогорулашы башка тейлөө ишмердиги (41,5 %), дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо (30,7 %), курулуш (27,2%), суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу (27,0 %), пайдалуу кендерди казуу (24,1 %), кыймылсыз мүлк операциялары (22,6 %), кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик (21,4 %), транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо (16,4 %), ошондой эле финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу (16,1 %) чөйрөлөрүндө байкалды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн