Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 03:41
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстанда өткөн суткада 195 кылмыш катталды, - ИИМ

29.10.2020 10:12
446
Кыргызстанда өткөн суткада 195  кылмыш катталды, - ИИМ


Кыргыз Республикасынын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен бирге кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.


"Республика боюнча 2020-жылдын 28-октябрына карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 195  кылмыш, 142  жоруктар каттоого алынган. Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Ошондой эле, ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ыктыярдуу элдик коошундар менен биргеликте коомдук тартипти сактоону камсыздоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн