Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 03:45
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстанда өткөн суткада 287 кылмыш катталды, - ИИМ

16.10.2020 09:32
459
Кыргызстанда өткөн суткада 287 кылмыш катталды, - ИИМ

Кыргыз Республикасынын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, ички иштер министрлиги өзгөчө абал учурунда өзүнүн бөлүмдөрү аркылуу коомдук тартипти жана коопсуздуктун, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоону улантат.


Азыркы учурда Бишкек шаарынын аймагында абал туруктуу жана күч түзүмдөрүнүн, ыктыярдуу элдик кошундардын көзөмөлүндө. Коменданттык сааттын аякташы менен шаарга кирип-чыгуу ачык, коомдук транспорт токтоосуз жүрүүдө. Талап-тоноочулук жана талкалоо фактылары катталган жок.


Республика боюнча 15-октябрга карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 287 кылмыш менен 131 жоруктар катталган. Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. 


Республика боюнча 10 миңге жакын ыктыярдуу элдик кошундар тартылып, коомдук тартипти сактоону камсыздоо  жана жарандарды коргоо үчүн  укук коргоо органдарына  жардам берүүдө. 


Андан сырткары, милициянын ишмердүүлүгү жол транспорттук кырсыктарды, жол кыймылынын коопсуздугун бузууну алдын алууга,  укук бузууларды жана мыйзамсыз иш-аракеттерди болтурбоого багытталган. Ыктыярдуу элдик кошундар республиканын бардык аймактарында түзүлүп жаткандыгын белгилеп кетүү керек. Өткөн бир күн ичинде жалпысынан 22 жол транспорттук кырсык катталып, андан 5 жаран каза болуп, 39 жаран денелеринен ар кандай жаракаттарды алышты.


ИИМ автотранспорт каражаттарынын айдоочуларына жолдордо сак булуп, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат. Ошондой эле, Бишкек шаарында киргизилген Өзгөчө абал менен коменданттык сааттын талаптарын аткарууга чакырат.  Бекитилген эрежелерге жана чектөөлөргө түшүнүү менен кабыл алууну, ички иштер органдарынын мыйзамдуу талаптарына баш ийүүнү суранат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн