Кыргызстанда өткөн суткада COVID-19 илдетинен 1 адам каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 8-сентябрдагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаарында коронавирус илдетинен 1 адам көз жумду.
Өлкө боюнча илдет башталгандан бери жалпы 1062 адам коронавирустан каза болду.
Ошондой эле, ал өлкөдөгү стационарда 551 бейтап дарыланып жатканын, ал эми 2627 бейтап амбулатордук дарыланууда экенин айтты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн