Кыргызстанда өткөн суткада COVID-19 илдетинен 1 адам каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 9-сентябрдагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, Талас облусунда коронавирус илдетинен 1 адам көз жумду.
Өлкө боюнча илдет башталгандан бери жалпы 1063 адам коронавирустан каза болду.
Ошондой эле, ал өлкөдөгү стационарда 535 бейтап дарыланып жатканын, ал эми 2373 бейтап амбулатордук дарыланууда экенин айтты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн