Кыргызстанда өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен беш адам каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалым болгондой, Бишкек шаарында 1, Ош облусунда 2, Баткен облусунда 2 адам коронавирустан улам каза болгон.
Учурда стационарларда 2092 бейтап, ал эми 1847 бейтап амбулатордук дарылануудан өтүп жатат.
Кыргызстан пандемия башталгандан бери коронавирустан жалпы 1099 адам каза болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн