Кыргызстанда өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош облусундагы ооруканада 1 адам коронавирустан көз жумду.
Учурда стационарларда 871 бейтап, ал эми 1467 бейтап амбулатордук дарылануудан өтүп жатат.
Кыргызстан пандемия башталгандан бери коронавирустан жалпы 1065 адам каза болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн