Кыргызстанда өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 28-сентябрдагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, Ош облусундагы ооруканада 1 адам коронавирустан көз жумду.
Учурда стационарларда 700 бейтап, ал эми 1520 бейтап амбулатордук дарылануудан өтүп жатат.
Кыргызстан пандемия башталгандан бери коронавирустан жалпы 1064 адам каза болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн