Кыргызстанда өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 2-сентябрдагы брифингде билдирди.
Маалыматка караганда, учурда стационарларда 670 бейтап дарыланууда. Ал эми 4799 бейтап амбулатордук дарылануудан өтүп жатат.
Өлкө боюнча илдет башталгандан бери жалпы 1059 адам коронавирустан каза болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн