Кыргызстанда өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 15-сентябрдагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, март айынан бери каза болгон адамдардын жалпы саны 1063тү түздү. Алардын ичинен 266 учур лабораторияда, 797 учур клинико-эпидемилогиялык жактан тастыкталган.
Учурда стационарларда 507 бейтап, ал эми 1903 бейтап амбулатордук дарылануудан өтүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн