Кыргызстанда өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 27-августтагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, учурда стационарларда 854 бейтап дарыланууда. Ал эми 4680 бейтап амбулатордук дарылануудан өтүп жатат.
Өлкө боюнча илдет башталгандан бери жалпы 1058 адам коронавирустан каза болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн