Бугу 19, 2024
Убакыт: 18:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстанда пандемия маалында 25 илимпоз каза болду

04.09.2020 15:23
1196
Кыргызстанда пандемия маалында 25 илимпоз каза болду


Кыргызстанда пандемия маалында 25 илимпоз каза болду. Бул тууралуу КР Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрайымы Бакыт Тыналиева 4-сентябрдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, өлкөдө коронавирус илдетин изилдөө багытында иштей турган окумуштуулар бар. 


"Учурда коронавирус илдетин изилдөө, ага вакцина иштеп чыгуу, вирустун организмге тийгизүүчү таасирин жана аны менен күрөшүүнүн ыктамалары деген маселе курч бойдон турат. Бул багытта иштей турган окумуштууларыбыз дагы бар. Аларды зарыл аппараттар, реактивдер менен камсыздоо жана каржылоо керек. Мен алардын тийиштүү натыйжаларга жетерине ишенем.


Тилекке каршы, пандемия учурунда биз 25 илимпозду жоготуп алдык. Биз алардын жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз! Улуттук илимде чоң жоготуу болду. Бул жараатты айыктырууга убакыт талап кылынат",  - деди  Бакыт Тыналиева.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн