Кыргызстанда пенсия жашын көтөрүү пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, бийик тоолуу аймактарда жашагандар үчүн пенсия жашын төмөнкүдөй көтөрүү пландалууда:
Эркектер — 55тен 58 жашка чейин;
Аялдар — 50дөн 53 жашка чейин;
3 же андан көп балалуу энелер — 45 жаштан 48 жашка чейин;
Мамлекеттик кызматтагы аялдар — 58ден 60 жашка чейин.
Мындан сырткары, пенсияга чыгып, бирок мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштегендерге жумуштан кетмейинче пенсиянын базалык бөлүгү төлөнбөйт.
????Белгилей кетсек, бул жаш курак дароо эмес, 2023-жылдан баштап жылына бир жаштан кошулат.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн