Бугу 18, 2024
Убакыт: 18:45
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстанда пенсиянын орточо өлчөмү 8000 сомдон ашты

17.10.2022 12:00
343
Кыргызстанда пенсиянын орточо өлчөмү 8000 сомдон ашты

2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сомдон 3170 сомго чейин жогорулап, ал эми пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 15%га жогорулады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Улан Жума уулу билдирди.


Анын айтымында, пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун жыйынтыгы боюнча жалпы пенсиянын орточо өлчөмү 8 080 сомду түздү.


"Бул жыл башындагы пенсиянын өлчөмүнөн 33 пайызга же 1 миң 988 сомго жогору. Өлкө аймагындагы 735,9 миң пенсионердин пенсиясын индексациялоого 4 млрд 424,3 млн сом, анын ичинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен пенсиянын базалык бөлүгүнө 3 млрл 83 млн сом, Пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнө 1 млрд 341,3 млн сом кошумча керектелет", - дейт ал.


Улан Жума уулу пенсионерлер 2022-жылдын октябрь айынан тартып пенсияларын жогорулатылган өлчөмдөрдө алып башташканын белгилеп кетти.


"Пенсиянын жогорулашы жарандардын стажына байланыштуу көбөйтүлдү. Стаж дагы ар бир кызматтыкы ар башка болот", - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн