Бугу 19, 2024
Убакыт: 16:40
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстанда пневмонияга кабылгандардын 20 пайызы оор түрү менен жабыркап жатат

14.07.2020 13:00
1195
Кыргызстанда пневмонияга кабылгандардын 20 пайызы оор түрү менен жабыркап жатат


Кыргызстанда пневмонияга кабылгандардын 80 пайызы жеңил жана орточо оор түрү менен ооруп жатышат, калган 20 пайызы өтө оор формасына өтүп, реанимацияга жаткырылууда. Бул тууралуу врач-терапевт Гүлсана Бапаева Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.


Анын айтымында, пневмониянын жеңил түрүнө кабылгандардын кээ биринде эч нерсе билинбей өтүп жатат. Айрымдары терең дем алганда тамагы ачышып, кызарышы мүмкүн, эки далынын ортосу оорушу ыктымал же азырак кургак жөтөл пайда болот. Ал эми эки тараптуу пневмонияга өтүшүп кеткендеги белгиси - тамак-ашка табити тартпай, алы кетип, шалдырап жатып калышууда. Аларга кычкылтек жетишпей жаткандыктан алсыроо, оор дем алуу пайда болот. Мындай учурда дарылоо кыйыныраак болот.


“Кызыгы, дене табы ар түрдүү болуп өзгөрүп жатат. Бир күнү 37.5 болсо, бир күнү 35ке түшүп, өздөрүн бир аз жакшы сезип калса эле, жумуштарына чыгып кетет дагы күчөтүп жиберип жатышат. 20 күн ооруп анан кайрылышат, аны дагы бир ай дарылоого туура келет. Ошондуктан бардыгын үйдөн чыкпай турууга чакырат элем. Бул илдет бир гана бири-бири менен контакт болуу менен гана жугуп жатат”, - дейт Бапаева.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн