Бештин айы 27, 2024
Убакыт: 05:31
USD
86.85
87.35
EUR
90.10
91.10
RUB
0.860
0.900

Кыргызстанда порнографиялык материалдарды тараткандарга айып салуу каралууда

26.12.2024 16:36
37
Кыргызстанда порнографиялык материалдарды тараткандарга айып салуу каралууда


Кыргызстанда интернетке порнографиялык видео, сүрөт жана башка материалдарды тараткандарга айып пул салуу каралууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун 26 депутат иштеп чыккан.


Демилгечилердин айтымында, учурда Кылмыш-жаза кодексине жана "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" мыйзамга ылайык, порнографиялык мүнөздөгү материалдарды өндүрүүгө, ташып келүүгө жана жайылтууга тыюу салынат. Бирок интернеттеги контентти көзөмөлдөө боюнча тиешелүү мыйзамдардын жоктугу бул тармакта жоопкерчиликти камсыздоого мүмкүнчүлүк бербей жатат. Натыйжада интернет көзөмөлдөнбөй, сайттар менен соцтармактагы баракчалардын ээлери туура эмес контентти ээн-эркин жайылтышууда. Бул коомдун адеп-ахлагын начарлатып, аялдарды жана жашы жете электерди сексуалдык эксплуатациялоого түрткү болууда.


Мыйзам долбоору интернет аркылуу порнографиялык контентти жайылтууга каршы жоопкерчиликти киргизүүнү сунуштайт. Бул КРдин Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 109-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу ишке ашырылат. Ага ылайык, айып пулдун өлчөмү жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сомду түзөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн