Бугу 17, 2024
Убакыт: 20:49
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда прогноз боюнча COVID-19 жана пневмония менен 160 миң адам ооруп айыкты

13.08.2020 12:51
1227
Кыргызстанда прогноз боюнча COVID-19 жана пневмония менен 160 миң адам ооруп айыкты


Кыргызстанда прогноз боюнча COVID-19 жана пневмония менен 160 миң адам ооруп айыкты. Бул тууралуу 13-августтагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. 


Анын айтымында, учурда лаборатордук турдө тастыкталган коронавирус инфекциясынын азайгандыгы байкалууда. 


"Ошол эле учурда, репродуктивдик сан деген бар.  Бул бир адамдын канча адамга жуктурган санын көрсөтөт.  Июль айындагы көрсөткүчтөрдү карап көрсөк, ооруп жаткан адам башка адамды 0,5%га гана жуктуруу мүмкүнчүлүгү бар экени белгиленди. Оорулуунун абалы боюнча бөлүштүрүү: 


13177  адам же оорулуулардын 36,3 %ы - симптомдору билинбей ооруган адамдар. Ал эми, жеңил түру менен 10781 – 29,7%  адам ооруган.  Бүгүнкү күнгө катталган учурлардын саны 41069 адамды түздү. Эл арасында, бул  чыныгы статистикага туура келбейт  деген маалыматтар бар.  Эгерде биз, расмий маалматтан сытркары, медициналык мекемеге кайрылбаган симптомдору билинбеген же жеңил түрү менен ооруган адамдарды ала турган болсок  болжол менен 160 миң адамдын тегеригенде оорулуулар айыгып чыкты десек болот”, - деди Мадамин Каратаев.  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн