Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Дары-дармектер жана медициналык каражаттар департаменти тарабынан коронавирус инфекциясын алдын алуу жана дарылоо үчүн "Спутник V" вакцинасына каттоо күбөлүгү берилди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, вакцинаны өлкөдө каттоо менен жакынкы аралыкта коронавирус инфекциясын алдын алуу үчүн калкты эмдөөгө мүмкүнчүлүк берет. "Спутник V" вакцинасы өткөн жылы август айында орусиялык окумуштуулар тарабынан коронавируска каршы иштелип чыккан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн