Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:35
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстанда россиялык аскердик базанын туруусунун статусу жана шарттары тууралуу протокол ратификацияланды

23.06.2020 09:24
1102
Кыргызстанда россиялык аскердик базанын туруусунун статусу жана шарттары тууралуу протокол ратификацияланды


Президент Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 28-мартында Бишкек шаарында кол коюлган 2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргызстандын аймагындагы бириккен россиялык аскердик базанын туруусунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу эки өлкө ортосундагы протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2020-жылдын 11-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Протокол 2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргызстандын аймагындагы бириккен россиялык аскердик базанын туруусунун статусу жана шарттары жөнүндө эки өлкө ортосундагы макулдашууда (мындан ары — Макулдашуу) белгиленген өлчөмдөрдөн иш жүзүндө ээлеген аянттардын ашып кетишинин аныкталышына байланыштуу 2016 жана 2017-жылдары россиялык тарап менен биргеликте КР Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кыргызмамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту» мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлгөн россиялык тарап ижарага алган жер участокторун топографиялык сүрөткө тартуунун жыйынтыгы боюнча даярдалган.

2012-жылдагы макулдашууга ылайык, россиялык тарап ижарага алган жер участокторунун аянты 866,2 гектарды түзөт. Инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча россиялык тарап иш жүзүндө колдонгон аянт 924,52 гектарды түздү, мында макулдашууда көрсөтүлгөндөн 58,32 гектарга көп жер аянты пайдаланылган.

Протокол күчүнө киргенден кийин тараптар Россия иш жүзүндө пайдаланган жер участокторунун аянттары үчүн ижара акысын Кыргызстанга 2012-жылдын 20-сентябрынан баштап төлөө боюнча ишти уюштурушат.

Протоколдун алкагында россиялык тараптын каражатынын негизинде Учуп-конуу тилкесин (УКТ) реконструкциялоо пландаштырылган. Макулдашуунун мөөнөтү аяктагандан кийин бул объектилер кыргыз тарапка кайтарылат. Мындан тышкары УКТ объектилери биргелешип пайдалануучу объектилердин тизмесине киргизилген.

Тараптардын мамлекеттердин коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын аймагына учкучсуз учуучу аппараттарды (мындан ары — УУА) колдонуу жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында россия тараптын россиялык авиациялык базага УУАларды жайгаштыруусу пландаштырууда.

Мында протоколго кол коюлгандан жана күчүнө киргенден кийин тараптар УУА колдонуунун тартибин аныктоочу ведомстволор аралык документке кол коюшат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн