Бугу 07, 2024
Убакыт: 20:09
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Кыргызстанда сасык тумоого жана курч вирустук ооруларга карата вакциналар алынууда

30.07.2020 11:59
767
Кыргызстанда сасык тумоого жана курч вирустук ооруларга карата вакциналар алынууда


Кыргызстанда күзүндө күч  алуучу сасык тумоого жана курч вирустук ооруларга карата вакциналар алынууда. Бул тууралуу Оорулардын алдын  алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин оорулардын алдын алуу жана мамэпид көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева билдирди.


Анын айтымында, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жыл сайын кайсы тумоо жүрөрүн талдап, алдын ала маалымат берет жана ага жараша вакциналар алынат.

 

“Күз жана кыш мезгилинин келүүсү менен күн суук болуп сасык тумоо жана курч вирустук оорулар күчөп кетет. Бул октябрь айынан апрелге чейин созулат. Илдетке чалдыккандардын арасында көбүнчө жаш балдар, 65 жаштан жогоркулар, ошондой эле башка өнөкөт оорулары барларда көп катталат. Мындан улам жыл сайын Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруну алдын алуу үчүн вакцина сатып алат.


Быйыл 111 миңден ашуун вакцинага тендер өткөрүлүп, келишим аркылуу сатып алуулар дайындалды. Мындан тышкары быйылкы пандемияны жана күзүндө болуучу экинчи толкунун эске алып, министрлик 700 миңден ашык доза сатып алууга буйрутма берди. Себеби бат-бат ооругандар, өнөкөт оорусу барлар, кош бойлуу айымдар бул ооруну оор көтөрүшөт да өлүм учурлары катталат.


Быйыл вакцинанын 3 валентүү жана 4 валентүү эки түрү бар. Жыл сайын биз үч валентүү вакцинаны сатып алабыз. Анын ичине тумоонун “А” түрүнүн H2N3 жана H1N1 2009 түрү менен B түрү жана B түрүнүн викториясы кирет”, - деди Оторбаева.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн