Кыргызстанда сентябрда эки жаңы ишкана ачылат — "Кыргыз бетон курулуш" жана "Кыргыз топчу". Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров бүгүн «Кыргызиндустрия» ААКтын өндүрүш ишканаларын кыдырды.
Ишканалар заманбап жабдуулар менен жабдылып, алар Италиядан бир нече этап менен келет.
Министрлер кабинетинин башчысы жеңил өнөр жай, курулуш тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурууну тапшырып, бул ишканалардын продукциясы биринчи кезекте жергиликтүү рыноктун керектөөсүнө жооп бериши керектигин белгиледи.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн