Бугу 19, 2024
Убакыт: 15:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстанда шафранды өстүрүүнү жайылтуу боюнча мампрограмма иштелип чыгат

02.11.2023 09:08
282
Кыргызстанда шафранды өстүрүүнү жайылтуу боюнча мампрограмма иштелип чыгат


Кыргызстанда шафранды өстүрүүнү жайылтуу боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгат. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирип, атайын жумушчу топту түздү.

Ведомстводон билдиришкендей, эми жумушчу топ шафран өсүмдүгүнүн үрөнүн кайсы өлкөдөн алып келүү керек, анын экономикалык пайдасын жана фермерлерге шафранды кантип өстүрүш керектиги туурасында кеңештерди иштеп чыгат.

Айыл чарба илимдеринин доктору Абдыбек Асаналиевдин айтымында, шафрандын 1 килограммы 2 миң евродон жогору турат, ал эми 1 гектардан 10-15 кг алса болот.

Белгиленгендей, шафран — дүйнөдөгү эң кымбат өсүмдүктөрдүн бири. Анын жалбырагы дарылык касиетке ээ. Өсүмдүк жапайы жаратылышта сейрек кездешип, Иран, Испания жана Индияда көп өстүрүлөт.

Ал эми 2021-жылдан тарта өсүмдүк Кыргыз улуттук агрардык университетиндеги коллекциялык питомнигинде эксперименталдык түрдө өстүрүлүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн