Кыргызстанда шайлоочулардын саны 27 пайызга жогорулады. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүн, 24-сентябрдагы маалымат жыйында билдирди.
Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, республикада учурда паспорту бар жана алдыда боло турган шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ 3 миллион 523 миң 532 шайлоочу катталган.
"Учурдагы шайлоочулардын эсеби өткөн шайлоолорго салыштырмалуу 27 пайызга жогорулады. Эгерде так сандар тууралуу айта турган болсок, шайлоочулардын саны 762 миң 235 адамга жогорулады", - деди БШКнын төрайымы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн